Turmush — Бүгүн, 31-майда Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата окуу жайда «Келечек муундун ХАБы» («Next Generation HUB») борбору ачылды.
Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы Ош мугалимдер институтунун ачылышы менен башталган. 1951-жылы педагогикалык институтка, 1992-жылы университетке айланган.
Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат.
ОшМУ тарабынан 12 кесиптик лицейдин аймагында бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан 5 млн АКШ долларлык робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар алынып келген.
Борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча 1-курска бакалаврга студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.
2024-жылдын апрель айында Кытайдын Сучжоу шаарында Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.
Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар. Жалпысынан өндүрүшкө керектелүүчү, завод-фабрикаларда колдонулуучу роботторду иштеп чыгарат. Билим берүү тармагында да бир нече долбоордун үстүндө иштешет.