Turmush — Ош технологиялык университетинде окумуштуулардын автордук укуктарын коргоо боюнча эл аралык семинар өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Эл аралык семинар-тренинг «Санариптик технологияларды өнүктүрүү контекстинде окумуштуулардын автордук укуктарын коргоо» темасында болуп, ОшТУ менен «Интеллектуалдык менчиктин укуктары жана объектилери менен бүтүмдөрдү кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор» ассоциациясынын өкүлчүлүгүнүн кызматташуусунун алкагында уюштурулду.
Семинардагы тренер-баяндамачылар — КРдагы Фонмиксти өнүктүрүү боюнча директор Буняк Виктор (Россия, Москва), «Интеллектуалдык менчик укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор» ассоциациясынын (IPChain ассоциациясы) КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Ы.Турсуналиева жана кеңешчиси Ж.Ж.Садыкова билим берүү тармагында блокчейн технологияларын колдонуу, илимпоздордун автордук укуктары, ошондой эле илимий эмгектерди сактоо үчүн санариптик платформалар, санариптештирүү шартында илимий эмгектердин авторлорунун ролу, глобалдашуу шартында илим мейкиндигиндеги интеграциялар жөнүндө бандама жасашты. Алар санариптик трансформациянын алкагында илимий эмгектердин авторлорунун укуктарынын көйгөйлөрүн талкуулап, маек курушту.