Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын спортчулары бокс боюнча Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алдыңкы орундарды алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
Астана шаарында бокс боюнча СССРдин 3 жолку чемпиону, Европа чемпионатынын жана дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Сеулдагы XXV олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Александр Мирошниченконун жаркын элесине карата 2008-2009-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир болуп өттү.
Турнирде 6 мамлекеттин спортчулары күч сынашып, ага «Шопоков» муниципалдык спорт клубунун спортчулары катышты. Алардын ичинен +80 кг салмак менен Айтбек Бердимуратов 2-орунду ээледи. Ал эми 66 кг салмакта Николай Ильин 3-орунду ээледи.
Турнирге катышуу үчүн кеткен чыгымдар Шопоков шаарынын мэриясынын бюджетинен каржыланды.