Turmush — «Альянс Алтын» компаниясы Талас шаарындагы медициналык колледждин жана Аманбаев айыл аймагындагы Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинин базасы чыңдоо максатында Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев менен бирге окуу жайга керектүү техникаларды тапшырды.
Маалым болгондой, медициналык окуу жайга жаңы үлгүдөгү 5 компьютер, интерактивдүү 2 панель тапшырылса, Айтматов орто мектебине 2 ноутбук менен интерактивдүү 1 панель берилди. Бул демилге эл өкүлү Марат Мураталиев тарабынан сунушталып «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан 611 миң сом каражат жумшалган. Ал эми компания билим берүү тармагына ар дайым өз салымын кошууга кызыктар экени айтылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев окуу жайларга техникаларды тапшырып жатып улуттун саламаттыгы дарыгелерге түздөн-түз байланыштуу экенин, сапаттуу билим өлкөнүн келечеги экенин айтып, сапаттуу билим алууга көмөктөшкөнү үчүн «Альянс Алтын» компаниясына терең ыраазычылык билдирди.