Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин алдыңкы студенттери үчүн Бишкек шаарына атайын саякат уюштурулду.
Аталган саамалыкка окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы Мунарбек Назымовдун жетектөөсү менен окууда мыкты ийгиликтерге жетишип, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкан жалпы 16 студент катышты.
Сапардын алкагында студенттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине, Ата-Бейит мемориалдык комплексине, тарыхый музейге, Ата мекендик өндүрүштүк компанияларга жана башка тарыхый жайларга экскурсия жасашып, жакындан таанышышты.
«Бул саякат окуу жай тарабынан студенттерге өзгөчө көңүл буруу, аларды шыктандыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү, жаштарды ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду 3 күнгө уланган сапардын чыгымдары, студенттердин жол акысы, жатаканасы жана тамак-аштары толугу менен университеттин эсебинен каржыланды.
Белгилей кетсек, ОшМПУда студенттер үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жыл сайын окуу жылдын аягында өлкөнүн 7 дубанына, коңшу өлкөлөргө саякат уюштуруу салтка айланган», - деп айтылат маалыматта.