Turmush — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жүргүзүүгө даярдыктарды көрүп жатат. Буга байланыштуу Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине кайрылуу жолдоду.
«Рынок экономикасынын шартында бардар турмушка жеткире турган кесип ээси болууну ар бир жаш адам, анын ата-энеси каалай тургандыгы талашсыз. Мындан тышкары өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен болгон карым-катышта кызмат көрсөтүүнү максат кылган мекенчил жаштарыбыз көп экендигине шек саноого болбойт. Себеби биз технологиялык башкаруу доорунда, билимдүүлөрдүн заманында жашап жатабыз. Жогорку билим аркылуу дүйнөлүк маданияттын мыкты үлгүлөрүн улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө ылайыкташтырып модернизациялоого барбасак, ааламдашуу алкагында улут катары жашап, эгемен мамлекетибизди сактап калуу мүмкүнчүлүгүбүз чектелип калышы ыктымал.
Ошондуктан, кесиптик билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына мамлекет тарабынан мезгил тарабына жараша адистик билим берүү тапшырмасы коюлган. 30 жылдык тарыхы бар Кыргыз-Өзбек эл аралык университети кыска убакыттын аралыгында өлкөбүздөгү, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү кадр таңкыстыгын кыскартуу багытында жемиштүү иш жүргүзгөн жогорку окуу жай катары таанылды. Биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда эмгектенип, адамзат коомунун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп жаткандыгын айтпай кетүүгө болбойт.
Кымбаттуу жаш достор, жогорку кесиптик билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан окуу жайлар жергебизде көп. Ал окуу жайлардын катарында Кыргыз-Өзбек эл аралык университети Ош жергесиндеги эл аралык статусу бар жалгыз университет. Жаңы муундагы кадрларды даярдап чыгарууда 1+1, 2+2 программасы аркылуу башка өлкөлөрдүн университеттери менен биргелешип билим берүүнүн жыйынтыгында кош диплом берүү мүкүнчүлүгүнө жетишкен өзгөчө окуу жай.
Эртеңки келечек үчүн керектүү кадр болууну самаган болсоңуз — туура тандоо эртеңки турмушуңуз үчүн маанилүү учур болуп эсептелет. Мезгил талабына жараша сапаттуу билим алуу — ар бир адамдын алдына койгон максаттарын иш жүзүнө ашырууга зор мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Келечек тагдыры үчүн мыкты максат кое билген бүтүрүүчү, анын ата-энеси биздин университетти тандайт деген терең ишеничтемин. Анткени, Кыргыз Өзбек эл аралык университети ар бир адамдын аруу тилектерин ишке ашырууга ишенимдүү жол ачат. Достуктун туусун желбиретип, илим-билимдин, интеллектуалдык-маданияттын ордосуна айланган Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эшиги жаңы көз караштагы жаштар үчүн ар дайым ачык».
Университет 1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи болуп ачылган. 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университети статусу берилген. 2021-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 25/1 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, философия илимдеринин доктору Батыралы Сыдыковдун аты берилип, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети деп өзгөртүлгөн. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети этностор аралык ынтымакты бекемдеп, негизги миссиясы болуп саналган кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы карым- катнашты, достукту, илим-билим, маданият аркылуу жигердүү ишке ашырып келет. Быйыл 2023- жылдын август айындагы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү» жарлыгына ылайык илим, билимдин, маданияттын жана достуктун куттуу ордосу болгон Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине «Достук» ордени ыйгарылды.
Окуу процесси заманбап кааналарда жүргүзүлөт
Отуз жылдык тарыхы бар Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги окуу процесси Ош шаарындагы жети, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы эки окуу имаратында интерактивдүү доскалар жана проекторлор менен камсыздалган заманбап кааналарда жүргүзүлөт. Адистик өзгөчөлүгүнө жараша акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздалган лабораториялар, интернет желесине уланган компьютердик класстар, инновациялык технологиялар менен жабдылган мультмедиалык кааналар окуу ишмердигинде пайдаланылат. 300 миң нусканын тегерегиндеги китеп фондунан турган китепканалар студенттердин кызматында. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу үчүн AVN маалыматтык системасы жайылтылган.
Анын алкагында окуу процесси жана Kelbil билим берүү платформасы толук автоматташтырылган. Жаштардын тил билүү жөндөм-шыгын өнүктүрүү багытында университеттин базасында TOEFL борбору ачылган. Түрк тилин үйрөтүүчү TOMER окуу борбору менен келишим түзүлгөн. Ош жергесинде жашаган элдердин байыртан бери келе жаткан достугун чагылдырган тарых музейи, тил жана Айтматов таануу, Манас таануу борборлору окуу жараянында пайдаланылат. Илимий ишмердиктин натыйжасы катары университетибизде таанымал окумуштуулар тарбияланып чыгып, туруктуу илимий мектептер түптөлдү. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган 9 илимий борбордон турган инновациялык изилдөө институту негизделди. Ал илимий борборлордо 43 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар изилдөө иштерин алып барууда.
Профессордук-окутуучулар курамы
Бүгүнкү күндө профессордук-окутуучулар курамы чарбалык иштердеги кызматкерлерди кошпогондо 416 адамдан турат. Алардын 54ү илимдин кандидаты, доценттер, 14ү илимдин доктору, профессорлор. Алардын катарында эл аралык деңгээлдеги академиктер бар.
Студенттердин илимий изилдөө ишмердигин өнүктүрүү багытында түрдүү кружоктор иш алып барат. Атайын семинарлар, аймактык, республикалык жана эл аралык илимий конференциялар уюштурулуп турат. Натыйжада, студенттерибиз аймактык, республикалык предметтик олипиадаларда мыкты көрсөткүчтөргө ишенимдүү жетишет.
Билим берүүдөгү биргелешкен аракеттер
Кыргыз-Өзбек эл аралык университети алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн 70тен ашуун жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелери, Кыргызстандын кырктан ашуун университеттери менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, алар менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.
Келишимдин негизинде университет эл аралык ректорлор форумдарына, онлайн жана расмий жолугушууларга, билим берүү көргөзмөлөрүнө, семинарларга үзгүлтүксүз катышып турат. Университеттин базасында чет өлкөлүк белгилүү окумуштуулар катышкан эл аралык конференцияларды өткөрүү салтка айланган. Д.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университети менен 2+2, 1+1 программалары жүзөгө ашырылат.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети ТҮРКСОЙ – Түрк маданиятынын эл аралык уюмуна, Түрк кеңешинин түрк университтеттер ассоциациясына, Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна, Азия университеттеринин ассоциациясына, Азия-Африка университеттеринин биримдигине мүчө болууга жетишкен. Алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде: Орхун, Mevlana, Erasmus+, EDUVISO, DAAD, UNESCО программалары жүзөгө ашырылат. Анын алкагында алкагында Грециянын, Түркиянын, Венгриянын, Россиянын, Казахстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларына академиялык мобилдүүлүк уюштурулуп турат. Ошондой эле ал өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда эмгектенген көрүнүктүү окумуштуулары тарабынан конок лекциялар, инновациялык семинарлар тынымсыз өткөрүлүп турат.
Студенттер окуудан сырткары бош убактысын өткөрүү үчүн түзүлгөн шарттар
Студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын маданий эс алуусун камсыздоо максатында маданий-массалык, спорттук иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ал эми жалпы студенттердин бош убактыларын натыйжалуу пайдалануу багытында университеттин маданий-эстетикалык борбору тарабынан таланттуу студенттер үчүн комуз, ыр, улуттук бий ийримдери уюштурулган. Студенттик жаштар комитети, «Интеллектуалдар» борбору, «Достук» чыгармачыл жаштар борбору студенттер менен тыгыз иштеп келет.
Жакында эле башкы окуу имаратыбызда акысыз Wi-Fi түйүнү менен камсыздалган эс алуу борборун ишке киргиздик. Спорттук иш-чаралар үчүн «Достук» спорт клубу иш алып барат. Спорттук секциялар үчүн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы түзүлгөн. Спорт багытында түзүлгөн мыкты шарттын натыйжаларында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып турушат.
Алыскы аймактардан келип окуган студенттер мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Университеттин ар бир окуу корпусунда студенттик ашканалар иштейт. Студенттик «Достук планетасы» гезити ай сайын чыгарылып, «Достук» теле студиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырып турат.
Бүгүнкү күндө 15 миңге чукул студент университеттин күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрүндө билим алып жатышат. Алардын 6 миңден ашууну алыскы жана жакынкы чет өлкөлүк студенттер.
Кыргыз-Өзбек эл аралык университети рынок шартындагы атаандаштыкка туруштук берип, өз ордун таба турган кесипкөй адистерди даярдап чыгарган уникалдуу университет. Келечегиңдин пайдубалын ишенимдүү түптөгүң келсе, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги мүмкүнчүлүктү пайдалып калууга шашыл! Кыргыз-Өзбек эл аралык университети — технологиялык башкаруу доорундагы билим берүү талаптарын так аткарган университет!
2024-2025-окуу жылына карата төмөндөгү адистиктер, багыттар боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жүргүзүүгө даярдык көрүлүүдө:
Жогорку билим берүү боюнча
Каржы-экономика факультети
-580100.Экономика (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, анализ аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу;- салык жана салыкка тартуу)/бакалавр -күндүзгү, сырткы/- негизги тест, математика
-540200.Социалдык иш/бакалавр-күндүзгү, сырткы/- негизги тест
-580200. Менеджмент/бакалавр, магистр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест, математика
-580500. Бизнес-информатика/бакалавр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест, математика
Тарых-филология факультети
-550300. Филологиялык билим берүү:— англис тили/бакалавр — күндүзгү / — негизги тест, англис тили —кыргыз тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, кыргыз тили жана адабияты —орус тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/— негизги тест, орус тили жана адабияты —өзбек тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/— негизги тест, өзбек тили жана адабияты
-531100. Лингвистика /бакалавр — күндүзгү / — негизги тест, англис тили —550400.Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых)/бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, тарых-англис тили кошумча немис тили / күндүзгү /— негизги тест, англис тили
Инженердик -технологиялык факультети
-710100. Информатика жана эсептєє техникасы/бакалавр-күндүзгү, кечки/-негизги тест, физика же математика
-570700. Костюм жана текстиль искусствосу /бакалавр-күндүзгү /-негизги тест, чыгармачылык сынак
-640200. Электроэнергетика жана электротехника /бакалавр- күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же математика
-610300. Агроинженерия(Айыл чарбаны электрофикациялоо жана автоматизациялоо)/бакалавр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест
-670200. Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо /бакалавр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест, физика же математика
-740700. Женил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же химия
-550800. Кесиптик билим берүү /бакалавр — күндүзгү / негизги тест,
-570400. Дизайн /бакалавр — күндүзгү, сырткы/(ЖРТ талап кылынбайт)
-570025. Графика /адистик — күндүзгү /(ЖРТ талап кылынбайт)
Юридика-бажы факультети
-530500. Юриспруденция /бакалавр- күндүзгү, сырткы/- негизги тест, тарых
-530004. Бажы иши /адистик- күндүзгү, сырткы/негизги тест, математика
Гуманитардык-педагогикалык факультети
-550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы)/бакалавр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты
-532000. Дене тарбия /бакалавр- күндүзгү, сырткы/ЖРТ талап кылынбайт)
-530300. Психология /бакалавр- күндүзгү, кечки/-негизги тест.
Маалыматтык-технологиялар жана табигый педагогикалык факультети
-550200. Физика-математикалык билим берүү (физика,- математика, информатика). Бакалавр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест, физика же математика
-550100.Табигый илимий билим берүү (химия,биология,(- география-негизги тест) /бакалавр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест,физика же математика
-710200. Колдонмо математика жана информатика/бакалавр- күндүзгү, сырткы/- негизги тест, физика же математика
-710300. Колдонмо информатика /бакалавр- күндүзгү, сырткы/-негизги тест, физика же математика
-Математика кошумча информатика багыты / күндүзгү /— негизги тест, математика
-Физика кошумча информатика багыты / күндүзгү /-негизги тест, физика
-Химия кошумча биология багыты / күндүзгү /негизги тест,химия же биология
-Туризм/ күндүзгү /негизги тест, химия же биология
-Жаратылышты колдонуу жана экология/ күндүзгү /негизги тест, химия же биология
Магистратура бөлүмү
-550300. Филологиялык билим берүү:(англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты)-магистр — күндүзгү /сырткы
-550400. Социалдык-экономикалык билим беүү (тарых) /магистр- күндүзгү/сырткы
-550700. Педагогика(башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы)-/магистр күндүзгү /сырткы
-550200. Физика-математикалык билим берүү(физика, математика, информатика)-/магист- күндүзгү /сырткы
-710300. Колдонмо информатика /магистр- күндүзгү / сырткы -
-550100.Табигый илимий билим берүү (химия, биология,география)-/магистр- күндүзгү / сырткы
-580100. Экономика (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу; салык жана салыкка тартуу)/магистр — күндүзгү /сырткы
-530500. Юриспруденция /магистр- күндүзгү / сырткы
-710100. Информатика жана эсептее техникасы /магистр- күндүзгү /сырткы
-532000. Дене тарбия жана спорт / магистр- күндүзгү/
-570700. Текстиль жана костюм искуствосу /магистр- күндүзгү/
Орто кесиптик билим берүү боюнча
Медициналык колледж (11-класстын базасында)
-060102. Акушердик иш /окуу мөөнөтү З жыл/
-060108. Фармация /окуу мөөнүтү З жыл/
-060109. Медициналык айым иши/окуу мөөнүтү 3 жыл/
-060101. Дарылоо иши /окуу мөөнүтү З жыл 6 ай/
-060106. Ортопедиялык стоматология/окуу мөөнүтү З жыл/
Кесиптик колледж (9-11-класстын базасында)
-260903. Тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы / күндүзгү, сырткы/
-050709. Башталгыч класстарда окутуу / күндүзгү, сырткы/
-050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика / күндүзгү
-050704. Мектепке чейинки билим берүү / күндүзгү, сырткы/
-050720. Котормо иши / күндүзгү /
-050303. Чет тили / күндүзгү /
-140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)/ күндүзгү, сырткы/
-190604. Автоунааларды ондоо жана аларды техникалык жактан тейлөө / күндүзгү, сырткы/
-230109. Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо / күндүзгү, сырткы/
-080106. Каржы (тармактар боюнча) / күндүзгү, сырткы/
-080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) / күндүзгү, сырткы/
-030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу/ күндүзгү, сырткы/
-030503. Укук таануу / күндүзгү, сырткы/
Ала-Бука кесиптик колледжи (9-11-класстын базасында)
-050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/
-050704. Мектепке чейинки билим берүү / күндүзгү, сырткы/
-080106. Финансы (тармактар боюнча) / күндүзгү, сырткы/
Кесиптик лицей (9-11-класстын базасында)
- 5146. Тикмечи
- 5147. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь- электрик
- 7443. Тигүүчү
- 5141. Чач тарач
Окуу мөөнөттөрү
- жогорку кесиптик билим берүү:/магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен/(күндүзгү-2 жыл, сырткы 2 жыл, 6 ай);
-жогорку кесиптик билим берүү:/бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен/( күндүзгү -4 жыл, сырткы-5 жыл);
-жогорку кесиптик билим берїї:/адис квалификациясын ыйгаруу менен/( күндүзгү -5 жыл, сырткы-6 жыл);
-жогорку жана орто кесиптик билимдин негизинде:/ тиешелүү курстар/ (күндүзгү -2-3 жыл, сырткы-3-4 жыл);
-орто кесиптик билим берүү: /9,11-класстын базасында/( күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы-2 жыл 6 ай);
-баштапкы кесиптик билим берүү:/9,11-класстын базасында/( күндүзгү -1-3 жыл).
Кабыл алуу үчүн талап кылынуусу документтер:
- ректордун наамына жазылган абитуриенттин арызы;
- университет менен абитуриенттин ортосунда түзүлгөн келишим;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);
- негизги орто, жалпы орто, кесиптик орто же жогорку билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы;
- тестирлөөнүн жүрүшүндө алган баллы жөнүндөгү сертификаттын түп нускасы (колледждер үчүн зарыл эмес);
- аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү күбөлүк (көчүрмөсү); 3х4 өлчүмүндөгү 6 даана сүрөт.
Абитуриенттер үчүн маалымат, байланышуу маалыматы, кабыл алуу боюнча байланышуу маалыматы: тел. (0322255345), мобил.(0772240209), электрон. almash. utf@mail.ru