Turmush — Бүгүн, 25-май — акыркы коңгуроо салтанатында Чүй облусунун Москва районунда «Алтын тамга» өзгөчө үлгүдөгү аттестатына ээ болгон №1 Ак-Суу орто мектебинин бүтүрүүчүсү Элнура Курманбековага 50 миң жана 5 мугалимге 10 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.
ААРден кийин Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Нарзан айыл аймагы түзүлгөн.
«Үстүбүздөгү 2023-2024-окуу жылында райондо 3 бүтүрүүчү "Алтын тамга" аттестатына ээ болгон. Алардын арасында биздин айыл аймактагы №1 Ак-Суу орто мектебинин бүтүрүүчүсү — "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын ээси Элнура Курманбекова да бар. Биз ага 50 миң сом жана 5 мугалимге 10 миң сомдон, тактап айтканда бир мектепке 100 миң сом акчалай сыйлык бердик. Ошону менен бирге бардык окуучуларга ак жол кааладык», - деди айыл өкмөт башчысы.
Ал эми райондук берүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Аширбаева райондо 32 мектепти 694 окуучу бүтүп жатканын жана мектеп жетекчилери, мугалимдер тартип сакчылары менен биргеликте коопсуздукту көзөмөлдөө иш-аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.
Райондук ички иштер бөлүмү мектеп жетекчилер, мугалимдер менен биргеликте өз аймактарында түнкү күзөт иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзө турганын билдирди. Бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.