Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 99 жылдыгын белгилөө менен окутуучуларды жана кызматкерлерди сыйлоо аземи уюштурулду.
Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы кызматкерлери катышып, алгач музыкалык-педагогикалык факультетинин «Кербен» фольклордук ансамбли жана «Барс» эстрадалык тобу тарабынан концерттик программа тартууланып, жагымдуу чыгармалар аткарылды.
Андан соң университеттин ректору Бекмурза Зулуев өз сөзүндө бир кылымдык тарыхы бар окуу жайды алдыда өнүктүрүүгө багытталган пландарды, окутуучулардын жетишкендиктерин жана аларга болгон жаңы талаптарды айтып өтүп, окуу жайдын туулган күнү менен куттуктады.
Аны улай окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, студенттерге билим берүүдө жигердүү эмгектенген окутуучулар жана өз ишин мыкты аткарган кызматкерлер ОшМПУнун, Ош шаардык мэриясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин жана окуу жайдын профсоюз комитетинин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Муну менен катар республикалык, эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан, илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштууларга да өзгөчө сыйлыктар тапшырылды.