Turmush — Бүгүн, 23-майда Андижан машина куруу институтунда спорттун волейбол түрү боюнча Ош технологиялык университети (Кыргызстан) менен Андижан машина куруу институтунун (Өзбекстан) волейболчу спортчу кыздары достук мелдешин өткөрүп жатышат.
Ош технологиялык курама командасында окуу жайдын мыкты спортчу кыздары — Алийма Маматкасымова, Гүлкан Тойчубекова, Альбина Таштемирова, Венера Маралова, Батма Мырзакулова, Умутай Баатырова, Фарида Жыргалбай кызы, Мээрим Абдыкадырова, Шайыргүл Ибраимова, Өмүркан Жанибек кызы, Айгерим Акмырзаева, Гулнара Артыкбаева, Айымкан Өмүрбек кызы, Гүлмкан Садыбакасова, Мунара Билал кызы, Анара Алиева, Асылай Акматалиева катышууда.
Аталган мелдешке ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген жоон топ делегация, курамында: окуу иштери боюнча проректор У.Ж.Мамытов, факультеттердин жетекчилери — Н.Мурзакулов, А.Атабеков, М.Арзыбаева, бөлүм башчылар — Н.Кадырбек кызы, Ш.Маразаков катышууда.