Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучусу Нураида Орозбекова республикалык сынакта 2-орунду алды.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында Корея Республикасынын билим берүү борбору тарабынан «Корей тили боюнча сабактарды өткөрүү-2024» сынагы өткөрүлдү. Аталган сынакка Ош технологиялык университетинин корей борборунун корей тил окутуучусу Нураида Орозбекова катышып, 2-орунду ээледи.
Нураида Орозбекова 2013-жылдан баштап Ош технологиялык университетинде корей тили боюнча мугалим катары эмгектенип келет.