Turmush — Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагына караштуу Беловодск айылында кыска мөөнөттүү дагы бир 3 сааттык бала бакча ачылды. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдирди.
Маалым болгондой, апрель айында Беловодск айылындагы «Таң нуру» балдар чыгармачылык борборунун базасында кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча ачылган.
Бул жолу Билим берүү жана илим министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун негизинде Беловодск айылындагы Биринчи май жалпы билим берүү орто мектебинин базасында кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча ачылды.
Анын ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджанова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Аширбаева, айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев жана ата- энелер катышты. Алар бала бакчанын кызыл тасмасын кесип, анын шарттары менен таанышты.
Белгилей кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуу негиздерин чыңдоо» чакан компоненти боюнча Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында республика боюнча 560 бала бакча ишке ашып, алардын тизмесине райондон 16 бала бакча кирген. Учурда райондо 11 кыска мөөнөттүү 3 сааттык бакчалар ачылып, иштеп жатат.