Turmush — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында «Ден соолук – 2024» спартакиадасы өткөрүлдү.
Спорттук иш-чара Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан уюштурулду. Мелдешке Ош технологиялык университетинин командасы активдүү катышып, мелдештин жыйынтыгында, командалык эсепте экинчи орунду ээледи.
Жеңүүчү командалар Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин дипломдоруна жана баалуу белектерине ээ болушту.
Бул иш-чаранын негизги максаты адамдар арасындагы достукту, ынтымактыкты бекемдөө, дени сак жашоо образын түзүүгө үндөө болуп эсептелет.