Turmush — Ош технологиялык университетинин кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунда өткөн 63-эл аралык гүлдөр фестивалына катышты.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, февтивалга көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын окуу жайга арнап келе жаткан кызматкерлер жөнөтүлгөн.
Фестивалдын расмий ачылуу аземине 40дан ашуун өлкөлөрдөн келген гүл сүйүүчүлөр катышты. Мында 200дөн ашуун гүл менен кооздолгон автоунаалар парады өтүп, Наманган шаары, «Захириддин Мухаммад Бабур» жана «Афсона» бактарына 45 млн түп гүл көчөттөрүнүн түрлөрү эгилип, кооздолгон. Салтанат концерт программа, оюн-зоок жана жармаңкелер менен коштолду.
Фестивалга ОшТУнун 52 кызматкери жөнөтүлүп, ОшТУнун профсоюз комитети тарабынан толугу менен каржыланды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.