Turmush — Ош технологиялык университетинде Энелер күнүнө карата табигый-техникалык факультетинин аялдар кеңеши жана студенттери тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан жалпы энелерге майрамдык маанай тартууланды.
Энелерди башкы корпустун алдында жагымдуу жаңырган музыканын коштоосунда шириндиктер менен тосуп алышты.
Эне-тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубаттуулуктун, сулуулуктун символу. Эненин касиети улук, жашообуздун жарыгы, өмүрүбүздүн чырагы — эне. Төрүбүздүн көркү, уул-кыздардын нарктуу энеси болуп, урмат-сыйдын үстүндө өмүр сүрүңүздөр. Майрамыңыздар кут болсун», - деп айтылат университтин куттуктоосунда.