Turmush — Токмок шаарынын мэриясы укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Токмок шаарынын мэриясынан билдиришти.
Токмок шаарында Орто Азия эл аралык жана Кыргызтан эл аралык университеттеринин корпустары жайгашкан. Аларда жалпы 150дөн ашык чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын көбү Индиядан келгендер.
--------
Эске салсак, 13-майга караган түнү саат 02:00дө Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан тамактануу жайынын жанында азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын тобу чет элдик студенттерге жакындап барып: «Эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар?» деп тийишип, коркута баштаган. Алардын бири кол көтөргөндө чет өлкөлүк жарандар качууга аракет кылып, А.Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн.
Белгисиз адамдардын тобу чет элдик жарандарды артынан кубалап, жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга карата күч колдонуп, акча каражаттарын жана буюмдарын тартып алышкан. Алар ар кайсы бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө да киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, аларды кетирүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.
Мушташ жатакананын короосунда болуп, топ жигиттер арасындагылардын бирин таштап качып кетишкен. Жатаканада жашаган чет элдик жарандар тез жардам чакырып, таяк жеп, калып калган жаранды тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүшкөн. Ооруканага барганда ал аты-жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча маалымат берген эмес. Денесине жаракат алгандыгы боюнча арыз менен кайрылбай туруп, керектүү медициналык жардам алгандан кийин ооруканадан кетип калган.
Окуянын хронологиясы жатакананын видеокамерасында жазылып калган.
Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу чет өлкөлүк шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми тоноочулук фактысы боюнча арыз менен:
- 2004-жылы туулган Э. А. денесинен жаракат алып;
- 2003-жылы туулган Х.А. 1250 долларын жана «Айфон-15 ПроМакс» үлгүсүндөгү телефонун уурдатып;
- 2003-жылы туулган А.М. 1550 долларын жана барсеткасын алдырып жибергенин айтып кайрылышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталган.
Алар:
- 2006-жылы Кемин районунда туулган М.Н.Ж.;
- 2005-жылы Кемин районунда туулган Ш.Т.С.
Учурда милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча иш алып барууда.
17-май күнү социалдык тармакта Бишкек шаарынын А.Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда массалык уруш болгону тууралуу видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Мындан улам коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.
Окуяга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштаган. Алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң чогулгандар тарап кетишкен.
«Түнкүсүн кызыкдар болгон тараптар абалдан пайдаланып, кырдаалды туруксуздаштыруу максатында бул окуяда "каза болгондор бар" деген жалган маалыматты мессенджерлер аркылуу тарата баштаган», - деп маалымдаган ИИМдин басма сөз кызматы.