Turmush — Кечээ, 16-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Заманбап илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө студенттердин ролу» аталышындагы эл аралык илимий практикалык конференция өттү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, иш-чара президенттин жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдык маарекесине карата уюштурулду.
Конференциянын катышуучулары алгач окуу жайдын маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту. Конференциянын расмий бөлүгүндө университеттин ректору, профессор, Абдилбает Мамасыдыков, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Пленардык жыйынды Россия, Казакстан, Германия, Өзбекстан мамлекеттеринин ЖОЖдорунан келген жана Кыргыз Республикасынын жаш илимпоздорунун докладдары улантты. Ал эми эл аралык илимий конференциянын экинчи бөлүгү секциялык иштерде жүргүзүлдү. Аталган эл аралык конференция онлайн жана офлайн багытында уюштурулуп, катышуучулар тарабынан жалпысынан 350дөн ашык доклад окулду. Мында секция башчылары жаш илимпоздордун жасаган докладдарынын артыкчылыктарын талдап, актуалдуулугун талкуулашты.
Секциялык иштерден кийинки пленардык жыйында мыкты деп табылган доклад ээлерине окуу жайдын жетекчилиги тарабынан дипломдор тапшырылды. Жыйын соңунда окумуштуулар мындай илимий-практикалык канференциянын эл аралык деңгээлде уюштурулушу жаштардын илимге болгон кызыгуусун артырып, студенттердин өз ара мамилесинин бекемделишине өбөлгө түзөрү айтылып, резолюция кабыл алынды.
Студенттик илимий-практикалык конференция университеттин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан демилгеленип, илим бөлүмү менен биргеликте уюштурулду.