Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өттү.
Конференция «Улуттук наркты сактоодо тил, адабият жана элдик педагогиканын ролу, Муратовдук окуулар-2» деп аталып, ага өлкөдөгү белдүү илимпоздор, илимдин докторлору, Өзбекстан Республикасы, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан келген ЖОЖдордун окутуучулары, мектеп мугалимдери катышты.
Иш-чараны расмий түрдө ректор Бекмурза Зулуев ачып, Абдыкерим Муратовдун билим берүүгө арналган ишмердүүлүгүнө, илим жолуна, элдик педагогикадагы жана адабияттагы ордуна кыскача токтолуп өттү.
Андан соң конференция пленардык жыйын менен уланып, мында Кыргыз -Түрк «Манас» университетинин бөлүм башчысы, ф.и.д., профессор Бурул Сагынбаева, Андижан мамлекеттик педагогикалык иститутунун доценти Нигора Алисултанова, п.и.к., доцент Ташболот Жороев жана п.и.д., доцент Акчач Жолдошова өз баяндамаларын жасашты. Ал эми секциялык иштер саат 13:00-16:00гө чейин уланды.
Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Ага ылайык, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушуп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга карата буга чейин илимий-усулдук макалалардын жана сабактардын иштелмелери боюнча конкурс жарыяланган.