Turmush — Токмок шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы жана балдар соматикасы бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жана демөөрчүлөр катышты.
Медициналык мекеменин курулушуна араб фонду 42 миллион 500 миң сомго демөөрчүлүк кылды.
Мекеме эки кабаттан туруп, аянты 700 чарчы метрди түзөт. Анда 10 кабинет жана 10 палата бар: кабыл алуу, дарылоо кабинети, ашкана, директордун кабинети, башкы медайымдын кабинети, бөлүштүрүү бөлмөсү, кампа, жуунуучу жайлар жана башкалар жайгашкан. Ошондой эле, 22 койка бар.
Мекеме борбордук жылуулукка кошулуп, канализация, ичүүчү суу киргизилген.
Балдар бөлүмү бардык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган:
- бронхоскоп;
- ымыркайлар үчүн инкубатор (3 даана);
- ларингоскоп;
- кычкылтек концентратор (5 даана);
- УЗИ аппараты;
- вена визуализаторлору;
- керебеттин жанындагы аппараттар;
- билирубинди текшергичтер;
- желдеткич;
- медициналык аспаптар.