Turmush — Шопоков шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата шахмат боюнча Шопоков шаардык мэриясынын кубогу жана Шопоков шаарынын жаштар арасында футболдук турнир болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жеңүүчүлөргө медаль жана дипломдорду тапшыруу аземине шаардын мэри Нурадил Станов жана Шахмат боюнча федерациянын президенти Кубанычбек Жээнчороев катышты.
Ал эми футболдук турнирге катышкан бардык командалар байгелүү орундарга жана сыйлыктарга ээ болушту. Бул иш-чаралар Шопоков шаарынын мэриясы тарабынан каржыланды.
Футбол боюнча 10 команда катышса, шахмат боюнча 120дан ашык адам (жаштар жана уулу муун) катышты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.