Turmush — Ош технологиялык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Инженердик академиянын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Болотбек Сейитовдун 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
«Управление цифровыми технологиями в поддержку устойчивого развития инновационной экономики» аталышындагы конференцияны ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияга билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Автономдуу коммерциялык эмес уюму илимий коммуникациялар институтунун президенти, Туруктуу өнүгүү жана технологиялык лидерлик консорциумунун төрайымы Попкова Елена, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана проректорлору, белгилүү илимпоз окумуштуулар катышты.
Конференцияга Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү менен катышып, анда пленардык баяндамалар уктурулду.
Андан соң иш-чара секциялык иштер менен уланып, баяндамалар жасалды. Ошондой эле 100 жылдык тарыхта болгон олуттуу өзгөрүүлөр жана өнүгүүлөр, анын кыргыз эли үчүн орду тууралуу орчундуу пикирлер айтылды.
Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Андан соң мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушту.