Turmush — Ош технологиялык университетинде «Билим берүүдөгү жана илимий-изилдөөдөгү заманбап инновациялык технологиялар» программасы боюнча 72 сааттык курс жыйынтыкталып, сертификаттар ташырылды.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, аталган курс окутуучуларга окуу материалдарын натыйжалуу жеткирүү үчүн керектүү жабдыктарды, билимдерди жана практикалык тажрыйбаларды берүү жана окутуунун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Курс илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү тарабынан окутуучулар үчүн уюштурулду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.