Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында №2 мектепке чейинки билим берүү уюму мектеп жашына чейинки балдардын арасында «Жаша, Жер!» аттуу экологиялык сынак өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, сынакка жалпысынан 8 бала бакчанын тарбиялануучулары катышып, шаардын макеттерин тартуулашты. Шаардын айрым бөлүктөрүн көрсөтүп, шаардын экологиясын сактоо, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча айтып беришти.
Сынактын соңунда мэрдин орун басары Туратбек уулу Алишер жаш катышуучуларга белектерди жана сертификаттарды тапшырды.
Ар бирине өз-өзүнчө номинациялар берилип, ардак барактар, белектер берилди.