Turmush — Ош технологиялык университетинин илимий китепканасынын директору Акмангүл Курбанбай кызы китепканачылардын илимий конференциясына катышып келди.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, «Заманбап китепкана келечектин кепилдиги» конференция Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өттү.
Катышуучулар конференциянын алкагында өз ара тажрыйба алмашуу менен гана эмес, кызыктуу идеяларды жана өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн инновацияларды киргизүү жолдорун талкуулашты. Иш-чарада электрондук китепкана, электрондук коллекциялар жана фондуларды санариптөө, китепканалардын заманбап үлгүлөрү жана өнүгүү стратегиялары каралды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.