Turmush — Ош технологиялык университетинде «Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, иш-чара Бириккен улуттар уюмунун СОР-28 климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына ылайык тоолуу аймактардын декарбонизациясынын жана климаттын өзгөрүшүнүн митигациясынын перспективаларына арналган арналып уюштурулду.
Аталган конференцияны ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады. Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын алдыңкы жаш илимпоздору, аспиранттары, магистранттары, студенттери жана алардын илимий жетекчилери катышышты.
Конференция жаш илимпоздордун жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу жана илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү максатында ОшТУнун илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Конференцияда учурдагы актуалдуу илимий-практикалык проблемаларга арналып илимдин 7 багыты боюнча 44 секцияда 400дөн ашуун баяндамалар талкууланды. Конференция офлайн жана онлайн форматында өткөрүлүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Мыкты деп табылган илимий макалалардын баяндамачыларына уюштуруу тобу тарабынан дипломдор тапшырылды.