Turmush — Ош технологиялык университетине Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарындагы Наманган жеңил өнөр жай институтунан делегация келди.
Делегациянын курамын ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, аларга окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге иш сапарга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, достук фестивалын, спорттук жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.
Соңунда эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.