Turmush — Кечээ, 24-апрелде Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде кесипке багыт берүү ишмердигинин алкагында жана спорттук аянтчаларынын ачылышына карата өлкөнүн түштүк аймагындагы колледждердин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин арасында волейбол боюнча достук беттеши өткөрүлдү.
Спорттук иш-чараны КӨЭАУнун ректор, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, алыскы жана жакынкы окуу жайлардан келген конокторго ыраазычылык сөзүн айтты. Ошондой эле денисак студент мамлекеттин келечеги экенин белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн алдыда боло турган мамлекеттик сынактарын ийгиликтүү тапшырып алышына тилектештигин билдирди.
Аталган мелдешти юридика-бажы факультетинин эмгек жамааты уюштуруп, оюнга «Достук» спорт клубу, дене тарбия мугалимдери калыстык кылды. Студенттердин ынтымагын бекемдеген достук беттешине жалпы 12 команда катышып, жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
«Достук» ордендүү Кыргыз-Өзбек эл арлык университетинде бул өңдүү иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.