Turmush — 2024-жылдын 23-апрелинде Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен 3 кашар жана болжол менен 40 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.
«Жамгырдан улам коктулардан сел түшүп, кашарлардын короосун каптаган. Ошондой эле 40 гектар айдоо жер жабыркады», - деди алар.
Ал эми Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 24-апрелинде Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Алайбек Жумаев, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Мамбетказиев жабыркаган кашар жана айдоо жерлерин жеринен көрүштү.
Селдин кесепетери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын күчү менен жоюлуп, сел агымын жөнгө салуу максатында узундугу 1 чарчы метрди түзгөн чоң канал казылды.