Turmush — Кечээ, 23-апрелде Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында мамлекеттик кыргыз тилин ыкчам окуп, үйрөнүү борбору ачылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
- ААРден кийин Александровка, Садовой жана Сретенка айыл аймактары биригип, жаңы аталыштагы Миң-Булак айыл өкмөтү түзүлгөн. Анын административдик борбору Садовой айылы болуп аныкталган.
Иш-чарага райондун акими Ниязбек Козуев, айыл өкмөтүнөн, дунган ассосациясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
«Эми 100 миңден ашуун көп улуттуу калк жашаган районубузда мамлекеттик тилди тереңдетип окуп үйрөнүүнү каалагандарга толук шарт түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.