Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында чоң дарактын дүмүрүн кран менен чыгарышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, параллель жайгашкан Киров менен Кудряшов көчөлөрүнүн ортосуна долбоор боюнча лоток коюлуп, тротуар жасалып, асфальт төшөлөт.
Аталган жолдун боюнда, арыктын жээгинде долбоорго тоскоолдук жараткан эки түп алтын терек кыйылып алынды. Анын бири союздан бери өсүп келе жаткан көп жылдык терек. Тамыры менен дүмүрүнүн диаметри 1 метрден ашык.
Дүмүрдүн айланасы экскаватор менен казылып, кран менен чыгарылды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.