Turmush — Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин өмүр-тиричилик коопсуздугу кафедрасы тарабынан студенттерди жумуш орун менен камсыз кылуу максатында иш берүүчүлөр жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Жолугушууга кафедранын жааматы, студенттер жана иш берүүчүлөр: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Алтынбек Абылаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, капитан Бектур Шамшиев, Респубикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу бөлүмүнүн башчысы, капитан Талантбек Кадыров, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүнүн башчысы, капитан Шумкарбек Ташматов катышты.
Алар ӨКМдин иш-аракеттери, негизги маселелери, өлкөдө болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар, алар менен күрөшүү жана алдын алуу иштери, ошондой эле ишке кирүү үчүн негизги кандай талаптар, өзгөрүүлөр киргизилгендиги боюнча маалымат берди. Теориялык билимди практикада чыңдоого көбүрөөк көңүл буруп, практикалык окууларды биргеликте өткөрүүгө чакырды. Студенттердин жана ата-энелердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Иш-чарада студенттер, ата-энелер жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин адистери менен кызыктуу пикир алмашуу болуп, суроолорго жооп алынды.
Иш-чарада техносфералык коопсуздук багытындагы өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистиги боюнча жумушчу окуу пландары талкууланып, сунуш ой-пикирлер айтылды.
Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканыны Зулумкан Тешебаева, өмүр тиричилик коопсуздугу кафедрасынын башчысы, профессор Камалдин Жумабаев конокторго ыразычылык билдирди.