Turmush — Орловка шаарында ирригациялык системаны калыбына келтирүү, тазалоо жаңыртуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Орловка шаарынын мэри Бакыт Чанчаров билдирди.
Анын айтымында, «Орловка суу канал» ишканасынын кызматкерлери тарабынан Быстроток участогунда арыктарды (9 км) казуу, каналдарды (7 км) таштандылардан тазалоо, бадалдарды жана бак-дарактарды кыркуу иш-чарасы өттү.
«Жараксыз болгон (суу агып кеткен) LR 80 лотоктору (12 даана) алмаштырылган. 30 чактуу ыктыярчы дыйкандар менен бирге 7 км аралыктагы каналдарды таштандылардан жана ылайлардан тазаладык. 800 метр жолду түздөп, көпүрө жана 6 даана шлюз оңдолду. Мындан ары да тиешелүү иштер уланат», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.