Turmush — Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен санариптештирүү боюнча регионалдык жаштар форуму башталды.
Аталган иш-чара жаңы санариптик чечимдер жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аймактардын тургундарына, негизинен жаштарга инновациялык санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрүн үйрөтүү максатында уюштурулуп, мында санариптик технологиялардын көргөзмөсү коюлду.
Форумду ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Ж.Мамытов, Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Н.С.Кадыров, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К.Кожомуратов ачты.
Форумдун ачылышында катышуучулар өлкөнүн аймактарынын тургундарынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешип, жарандарды санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырышты.
Санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форумунун алкагында өлкөнүн алдыңкы санариптик уюмдарынын министрликке караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, «D-CASA – КР» долбоорунун өкүлү, мобилдик операторлордун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Иш-чарага Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү жана шаар тургундары катышты. Аларга мамлекеттик кызматтарды алууда «Түндүк» тиркемесинин артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош технологиялык университети менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Эки тараптуу кызматташууда биргелешкен санариптик долбоорлорду илгерилетүү жана аларды ишке ашыруу, окуу курстарын, илимий конференцияларды, тегерек столдорду, тренингдерди, семинарларды жана башкаларды уюштуруу, окутуучулук курамдын кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды өтүү, окутуу жана консалтингдик колдоо аркылуу санариптик технологиялар чөйрөсүндө стартаптарды ишке ашыруу жана биргелешкен окуу-изилдөө лабораториясын түзүү маселелери каралган.