Turmush — Ош технологиялык университетинин жаштар комитетинин жигиттери менен кыздары ортосунда сармерден оюну өткөрүлдү.
Оюн-зоок коштогон иш-чара жаштар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулду.
Мында сармердендин салтына ылайык кыз-жигиттер ортосунда обондуу ырлар ырдалып, макал-лакап, жаңылмач айтылып, акыйнек айтышышты.
Жаштардын талантын баалоого калыстар тобу чакырылып, жыйынтыгында достук жеңип, тең чыгуу менен аяктады. Иш-чарага окуу жайдын кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөтүп, акчалай сыйлыктарын тапшырды.