Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаарындагы Орус үйү менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып арчалар отургузулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев жана Орус үйүнүн жетекчиси Авраам Дмитрий Николаевич куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, эки элдин достугун бекемдеген чакан бак түзүлүп жатканына кубанычта экенин белгилешти.
Андан соң эки тараптын өкүлдөрү биргеликте көчөттөрдү отургузуп, бул саамалык Россия менен Кыргызстан элдеринин ынтымагын арттырган жөрөлгө болуусуна тилектеш экенин билдиришти.
Көчөттөр отургузулган соң музыкалык-педагогикалык факультетинин таланттары тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.