Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын көчөлөрүнө Тянь-Шань карагайлары отургузулуп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Нурадил Станов билдирди.
Анын айтымында, «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында жана Кара кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 бак тигүү тапшырмасынын негизинде Совет, Футбольный, Ленин көчөлөрүнө Тянь-Шань карагайлары отургузулду.
Көчөттөрдү отургузуу жана шаарды жашылдандыруу уланууда.