Turmush — Мобилдик интернет жашообуздун бир бөлүгү болуп калды, ал окууга, иштөөгө, баарлашууга, күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө же жөн эле эс алууга жардам берет. Тез жана ишенимдүү интернет байланышынын зарылдыгын түшүнүү менен, Beeline Кыргызстан өз тармагынын сапатын дайыма жакшыртып, эң сонун натыйжаларды көрсөтүүдө.
Ийгиликтүү иш керектөөчүлөрдүн тажрыйбасына негизделген изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде бекемделет. Бир нече квартал бою эл аралык деңгээлде таанылган байланыш лидери болгон Ookla® компаниясы Speedtest® колдонмосунан алынган маалыматтарды талдап чыкты. Иликтөөнүн жыйынтыгында, Beeline 4G-интернет ылдамдыгы боюнча Бишкекте жана Чүй облусунда, ошондой эле бүткүл өлкө боюнча алдыда келе жатат.
Туруктуу, сапаттуу өсүш көңүл сыртында калган жок. Март айында Beeline Кыргызстан Ookla компаниясынан Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернети үчүн абройлуу сыйлыкка ээ болду. Бул жетишкендик уюлдук оператордун өз абоненттери үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга умтулуусун дагы бир жолу тастыктайт.
«Beeline таасирдүү натыйжаларга жетишти жана лидерлигин сактап калууда. Ийгиликтин рецепти жөнөкөй: биз абоненттердин суроо-талаптарына абдан көңүл бурабыз жана тармактын сапатын жогорулатууга дайыма каражат жумшайбыз. Ookla сыйлыгы — бул сыймыктануунун себеби жана андан ары өнүгүү үчүн стимул. Ошондуктан, Beeline’дын жакынкы пландары — мыкты болууну улантуу», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Александр Атаманов.
Ookla® Компаниясы интернет ылдамдыгын текшерүү жана талдоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Анын миссиясы - интернетти жакшыраак, тезирээк жана жеткиликтүү кылуу. Бул максатта компания дүйнөгө белгилүү Speedtest® жана Downdetector® платформаларын, ошондой эле комплекстүү корпоративдик чечимдеринин спектрин иштеп чыкты. Ookla® маалыматтары жана куралдары операторлорго жана башка компанияларга кардарлардын тажрыйбасынын негизинде тармактарды талдоо жана оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон маанилүү маалыматтарды берет.
* 2024-жылдын 1-кварталында Кыргызстанда жүктөө ылдамдыгы боюнча Speedtest Intelligence® маалыматтарынын Ookla® анализинин негизинде. Ookla® товардык белгилери лицензия боюнча колдонулат жана уруксат боюнча кайра басылып чыгат.
Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!