Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери менен окутуучулары кайрымдуулук иш жасады. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кайрымдуулук ишин ОшТУнун гуманитардык-колледжинин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучулары социалдык иш, ПиОСО адистиктеринин студенттери менен биргеликте колго алган. Алар Ош шаарындагы Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна жана «Боорукердик» үйүнө барышты.
«Боорукердик» үйүндө ооз ачар уюштурулуп, керектүү болгон буюмдар алынып берилип, акчалай жардам да көрсөтүлдү.