Turmush — Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан 3-апрель — Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата түштүк аймактык колледждердин студенттеринин арасында «Менин кесибим — бухгалтер» аталышындагы сынак өткөрүлдү.
Аталган сынакка жалпы алты команда: ОшМУнун финансы-юридикалык колледжи, ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжи, КУУнун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү, ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи, ОшТУнун Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту жана Ош көп профилдүү колледжинин студенттеринен түзүлгөн командалар катышты.
Сынак студенттердин билимин жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү, өз кесибине кызыгуусун арттыруу, бухгатерлердин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат жайылтуу, келечекте мыкты адис болууга үндөө максатында өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 1-орунду ОшМУнун финансы-юридикалык колледжи, 2-орунду ОшТУнун гуманитардык технологиялык колледжи, 3-орунду ОшТУнун Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту камсыздап, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.