Turmush — Билим берүү жана илим министрлиги, «Алтын түйүн» улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы тарабынан «Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар форумунун Ош облустук сынак туру кечээ, 2-апрелде М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин базасында өткөрүлдү.
Форумга Кыргыз Республикасынын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн 10 жаштан 18 жашка чейинки окуучу жаштардын өкүлдөрү: мектеп окуучулары, ЖОЖдордун 1-2-3-курстарынын студенттери катышты.
Иш-чаранын ачылышында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Таланбек Арстанкулов, облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Р.Н.Назаров, ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев катышып, сөз сүйлөштү.
Сынакка коюлган эмгектерди калыс баалоо иши ОБЧБ кызматкерлери менен ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынан биргелешип түзүлгөн компетенттүү топ тарабынан жүргүзүлүп, жыйынтыгында жеңүүчү аталган окуучулар ОшТУнун ыраазычылык каттарына, баалуу белектерине ээ болушту. Байгелүү орунга ээ болгон окуучулар Бишкек шаарында өтүүчү эл аралык форумда облус намысын коргошот.