Turmush — Милициянын подполковниги Азамат Садырбаев Талас ОИИБдин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка кечээ, 27-март күнү кол коюлду.