Turmush — Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылына балдар аянтчасын курууга жардам көрсөттү.
Учурда таштанды төгүүчү жайга айланып бараткан жердин ордуна балдар аянтчасы курулуп, бөбөктөрдүн күлкүсү жаңырып турган чагы. Айыл башчысы Айжигит Байтемировдун айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн FSDS коомдук фонду тарабынан демилгелүү топтун долбоор иштеп чыгуусу, жарандык катышуулары боюнча көптөгөн окутуулар, иш-чаралар өткөрүлгөн.
«Мурда бул жер таштанды болчу. Бул жерге элдер тарабынан сунуштар түшүп, жок кыла албай жүргөнбүз. Элдин демилгеси менен ушул жер мына азыр өзүңөр көрүп жаткандай, балдар ойной турган парк болуп калды. FSDS уюмунун салымы өтө чоң. Себеби биздин элге чоң демилге, үмүт берди. 250 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, бул жакта мына балдар ойной турган жабдыктар алынды.
Өзүбүздүн элден айланса болот. Шаарда жашаган биздин айылдын тургундары да көмөктөшүп, элдин биримдиги менен ушунча нерселер Ак-Татыр айылында бүтүп калды. Азыр Баткен районуна салыштырмалуу эң чоң парк, аялдама курулду. FSDS фондуна чоң рахмат», - деди Ак-Татыр айылынын айыл башчысы Айжигит Байтемиров.
Ак-Татыр айылынын тургундары балдары үчүн жакшы шарт түзүлгөнүнө ыраазы. Алардын айтымында, айылда буга чейин балдар аянтчасы болгон эмес.
«Бул жер Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн таштанды таштала турган жери эле. Айыл тургундарынын демилгеси менен FSDS коомдук фондуна кайрылып, жардам сурадык. Ошолордун жардамы, колдоосу менен ушул жердеги таштандыларды чыгарып, балдарга аянтча куруп бердик. Азыр балдарыбыз эртеден кечке башка иштер менен алек эмес, балдардын бардыгы курсант. FSDS фондуна элдин атынан ыраазычылык билдиребиз. Чек арага чектеш айылыбызга, кандай жардам сурасак берип турушат», - деди Ак-Татыр айылынын тургуну Немат Абдулазизов.
Бул аянтчага балдарын ойнотууга алып келген энелер да сейилдеп, эс алып кетишет.
«Ушул долбоорду уюштурган адамдарга рахмат. Бизде оюн ойной турган парктар жок эле. Азыр ачылып, балдар түнкүсүн дагы келип, эс алып кетишет. Каникул мезгилинде да балдарыбыз ысыкка карабай келип жатышат. Бардыгына ыраазычылык билдиребиз», - деди Ак-Татыр айылынын тургуну Айгүл.
Эскерте кетсек, FSDS коомдук фонду өлкөбүздүн аймактарындагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө ар тараптан көмөктөшүп келет.