Turmush — ОшТУ менен кытайлык компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, ОшТУда окуган кытайлык студенттер үчүн стипендиялар берилери маалым болду.
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, билим берүү процессинин деңгээлин жогорулатууга дем берүү максатында жана ошондой эле Ош технологиялык университетинде билим алып жаткан Кытай Эл Республикасынын студенттерине колдоо көрсөтүү үчүн бакалавриатка 800 сом, магистратурага 1000 сом, аспирантурада окугандарга 1200 сом өлчөмүндө (жыл бою) жеке стипендия берилет.