Turmush — Ош технологиялык университети менен кытайлык компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, ОшТУда окуган кытайлык студенттер үчүн стипендиялар берилери маалым болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, билим берүү процессинин деңгээлин жогорулатууга дем берүү максатында жана ошондой эле Ош технологиялык университетинде билим алып жаткан Кытай Эл Республикасынын студенттерине колдоо көрсөтүү максатында Ouyu Huatong (Beijing) Study Abroad Consulting Service Co., Ltd. компаниясы аркылуу келген ар бир студентке аталган компания тарабынан стиепндия берилет
«Бакалавриат үчүн 800 сом, магистратурага 1000 сом, аспирантурада окугандарга 1200 сом өлчөмүндө жыл бою жеке стипендия берилери маалым болду», - деп айтылат маалыматта.