Turmush — Чүй облусунун Москва районунда 3 жаранга «Москва районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошкондугу үчүн сыйланышты.
Алар:
1. Кубаныч Чыныбаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы;
2. Улан Садалиев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
3. Алтынбек Мамбеталиев, фермер, Ак-Суу айыл аймагынын тургуну.