Turmush — Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан Эл аралык инженердик-техникалык университетинин профессору Нурлан Габдуллин Ош технологиялык университетинде конок лекция өтүп жатат.
Аталган иш-чара экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан уюштурулуп, факультеттин студенттери жана окутуучулары катышты. Нурлан Габдуллин экономика багытында окуп жаткан студенттерге «Бухгалтердик баланс жана анын структурасы» деген темада лекция окуду.
Габдуллин Нурлан Имангазиевичти ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди.
ОшТУ аталган окуу жай менен тыгыз байланышта иш алып барат. Бир нече жылдардан бери эл аралык илимий конференцияларга жана студенттик олимпиадаларга биргеликте катышып келишет. 2023-жылы ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит адистигинин студенттери Алматы шаарында өткөрүлгөн эл аралык студенттик олимпиадага катышып, 2-орунга ээ болушкан.