Turmush — Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын окутуучусу Татьяна Панфиленко Ташкент шаарында жайгашкан Геологиялык илимдер университетинде эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде конок лекция өтүүдө.
Аталган иш-чара эки тараптын алакасын арттырып, билим берүүдө бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.
Ош технологиялык университети бир топ жылдардан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча дүйнөнүн бир канча мамлекеттери менен кызматташып келет. Ал өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен илим жана билим берүү жаатында тыгыз байланышта иш алып барууда.