Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда окуган жаш стартаперлердин долбоордон уткан гранттары окуу жай тарабынан каржыланып, өз ээлерине тапшырылды.
Ага ылайык университеттин ректору Бекмурза Зулуев конкурстан жеңген 3 стартапердин ишкердик жүргүзүүгө керектүү болгон шаймандарын тапшырып, колдонууга берди.
Мында грант ээлери Жаркынай Гуламидиновага тигүү машинасы берилип, ал эми Зарина Ураимжанова жана Айкөкүл Замирбек кызы жер-жемиштерди кургатуучу аппараттарды алышты.
Мындан сырткары биология адистигинин студенттери «Жашыл теплица» демилгесин презентациялашып, аларга окуу жай жетекчилиги тарабынан жер бөлүнүп берилди. Ошондой эле жаш окутуучулар тарабынан «Географиялык аянтча» демилгеси сунушталып, колдоого алынды.
2023-жылдын октябрь айында Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору өнөктөштөр менен биргеликте ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында 1 жумалык бизнес окутуу өткөрүлүп, долбоордон уткан грант ээлерине керектүү каражаттар жана материалдар окуу жай тарабынан камсыздала турганын белгилешкен.