Turmush — Мукталы Дүйшөбаев Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка 29-февраль күнү Манас районунун акими кол койду.
Манас районунун Кыргызстан айыл аймагына 5 айыл — Май, Новодонецк, Талас, Манас, Көк-Дөбө айылдары кирет.