Turmush — Дүйшөбек Эшматов «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — «Баткен райондук электр тармактары» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков кол койду.
Дүйшөбек Эшматов эмгек жамаатка бүгүн, 13-март күнү тааныштырылды.