Turmush — Жаз айы биз колдонгон календарь боюнча 1-мартта башталат. Бирок кыргыздын эсеби боюнча жаз 1-мартта башталбайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы эл оозунда айтылгандар боюнча маалымат топтоду.
Кыргызда «Токсон кетпей, тоң кетпейт» деген сөз бар. Токсон мезгили 13-декабрдан 13-мартка чейин созулат. Демек кыш айы 13-мартка чейин созулат. Токсондун башы 13-декабрдан 8-январга чейинки учур, ортосу 8-январдан 18-февралга чейинки учур, акыркы мезгили 18-февралдан 13-мартка чейинки учурду ээлейт. 1-февралдан 1-мартка чейинки мезгил «мүйүз аяз», 1-марттан 13-мартка чейинки учур «кийиз аяз» деп аталып, 13-мартта кыш бүтөт. Ушул күнү токсон чыгып, жер кыртышынын тоңу ээрийт. Бак-дарактардын бүчүрлөрүнө жан кирип, борсоюп чоңоё баштайт. Ошол себептен өзбектерде март айын «амал айы» деп аташат. Чилде чыккандан кийин жааган карды сары кар деп коёт. Айрым жыл эсебин жүргүзгөндөр 26-февралдан 11-мартка чейин «токсондогу чал кетет» дешет. Ушул 11-13-марттан кийин кыш толук кетип жаз келди десек болот.
Март, апрель айлары жазгы үзүмчүлүк болуп, аны кыргыздар «узун сары» деп коюшат. Негизи күн менен түндүн теңелишинен соң күн узарып, «узун сары» башталат. Кыргыз эли малдын этин сүрсүтүп, сары жүрмө, чучук жана башка чүйгүн эттерди «узун сарыга» сакташкан. Себеби, бул айларда адамдардын курсагы тойбой, алы кетип, мал арык, тоют жок болгон. Ушул айларда суук болуп, мал ачкадан жүнүн жеп, жут башталган. Эгер суук узак болсо, мал кырылып жут болгон.
Илгери бир киши аялына сары жүрмөнү каптагы унга салдырып: «Кемпир муну «узун сарыга» сактап кой. «Узун сары» келгенде асабыз» дейт. Бир күнү күйөөсү алыста жүргөндө, жол жүрүп келе жаткан жолоочу кеч киргенден жатып кетүүнү суранат. Анын бою узун, өңү сары болот. Кемпир: «Баягы абышкам айткан «узун сары» ушул турбайбы» деп, унга салынган сары жүрмөнү бышырып берип коет. Кийин жаз келип, эт түгөнгөн кезде абышкасы: «Кемпир «узун сары» келди. Баягы «узун сарыга» сактаган сары жүрмөнү алып чык» дейт. Кемпири: «Ай абышка, аны узун, сары киши келгенде салып бергем» дейт. Ошондо абышкасы: «Узун сары» деп, жазгы үзүмчүлүк убакты айтат. Жазында адамдар алы кетип шалдырайт. Ошол учурда тамак керек. Ошол үчүн чүйгүн тамакты «узун сарыга» деп сактайт» деп түшүндүргөн экен.
Кыргыз эли көчмөн турмушта тиричилик кылган кезде кышкыга согум деп бир бодо малды же жылкыны союшкан. Анткени, жазга жакындаганда мал арыктап, союуга жарактуу мал калбайт. Ошондуктан семиз бээни союп, анын чучугун, картасын, жалын көбүнчө жазга калтарышкан. Семиз уй союп, сары жүрмөсүн, жиликтерин сакташкан. Семиз кой союшса, анын сөөгүн алып таштап, карындын ичине сулп этин салып, жүк жыйган тактанын алдына киргизип коюшкан. Жаз башталып, кар ээриген кезде тоңгон эттен үй-бүлөсүнө тамак жасап беришкен. Ал эми семиз бээнин чучугу менен картасын, жалын күн жылый баштаганда, каптын ичиндеги ундун арасына салып коюшкан. Ал ундун ичиндеги сүрлөр жайкы ысык маалга чейин бузулган эмес. Унга салынган сүрдү көбүнчө кадырлуу адамга беришкен.
13-март менен биринчи токсон аяктап, экинчи токсон башталат. Экинчи токсон 13-мартта башталып (кээ бир айтымдарда 18-март), 13-июнга (18-июнь) чейин созулуп, «жаз чилдеси», «баар» деп аталат. Кыргыздар: «Абал (мезгил) баар жаз эле, жалама айран аз эле» деп ырдашчу. 22-мартта күн менен түн теңелип, 23-марттан баштап күн узара баштайт. Бул учур «нооруз» аталат. Фарс тилинде «ноу» - жаңы, «рузье» - күн дегенди билдирет.
13-марттан 40 күн өткөндөн кийин 23-апрелде «чил баар» бүтүп, 10 күндүк «гүл баар» башталат. 2-майда жаз чилдеси бүтөт. Ошол мезгилде үркөр жылдызы да батат. Кыргыздар: «Үркөр батты, кош жатты» деп коюшат. Кош айдоо токтоп, кылкандуу дан эгиндерин себүү аяктайт.
8-майдан токсондон акыры болгон 40 күн саамал мезгили болот. Кыргыздар бээ саап, саамал кылып, иче турган ай.